Жаңылыктар
Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдыктар башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдыктар башталды

Бүгүн, 14-август күнү Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 20202/2021-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүгүнө даярдоо боюнча штабдын отуруму болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, тийиштүү бөлүм башчылар, жылуулук менен камсыздоо ишканалары, электр энергия тармагынын өкүлдөрү, жашылдандыруу жана тазалык ишканаларынын жетекчилери, МАБдын башчылары катышышты.

Күн тартибинде 4 маселе каралып, вице-мэр тийиштүү тапшырмаларды берди.

“Оштогу жылуулук электр борборунда 2020-жылдын 13-августуна карата 3 даана буу казандардын 2 даанасы кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. Мазут даярдоо иштери боюнча 2020-жылдын 13-августуна карата “Кыргызнефтегаз” ААКы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде көлөмү 19 986 тонна мазут отунун ташылып келинген. Өткөн жылдан калган мазут отунунун калдыгын кошкондо 23042,0 тоннаны түздү. Андан тышкары «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому менен 5,0 млн. м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.

Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасында 2020-жылдын 13-августуна карата графикте көрсөтүлгөн 53 откананын ордуна 55 откана толук даярдалды. Көмүр сатып алуу боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат.

Пандемия учурунда оңдоп түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу, август жана сентябрь айларында жер - жерлерде электр энергияларын өчүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

Ош шаардык элге билим берүү башкармалыгында 95 мекеме 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери, бекитилген иш-чаралардын негизинде жүргүзүлүп жатат. Көмүр сатып алуу жана айрым билим берүү мекемелериндеги жылуулук системалары боюнча катуу талаптар коюлду.

Ал эми шаардыктарды көмүр менен камсыздоо боюнча шаардын аймагында 15 жерде көмүр сатуу пункттарын уюштуруу пландаштырылып, иштер жүрүп жатат”, - деди А.Топчубаев.

Белгилей кетсек, штабдын кийинки отуруму көчмө жыйын катары уюштурулуп, баардык тийиштүү мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери жеринде текшерилет.