Кыргызстанда калктын муктаждыктары үчүн тамак-аш жетиштүү деңгээлде. Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун стратегиялык анализ, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Наинбаев билдирди.
Анын айтымында, эгер тышкы фактордон улам чек аралар кайрадан жабылса, өкмөттүн чечими менен азык-түлүк товарлары эркин базарларга чыгарылат.
Пандемия жарыяланган соң чек аралар анын ичинде Казакстан менен Мамлекеттик материалдык резевдер фонду 11,828 тонна биринчи сорттогу ун өндүргөн буудайды брондоп, иштеткен. Февраль айында биринчи сорттогу унга суроо-талап көбөйгөн, ошондуктан бул товарга баа негизсиз жогорулаган. 8 миң 181 тонна ун калктын аялуу катмарына бөлүштүрүлдү.
Мындан сырткары, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги гуманитардык жардам катары 328 тонна кант таратканы белгилүү болду.