Жаңылыктар
Медициналык мекемелерге тез жардам унаасы берилди - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Медициналык мекемелерге тез жардам унаасы берилди - Кыргызстан жаңылыктары

Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фонду өлкөнүн медициналык мекемелерине жети тез жардам автоунаасын өткөрүп берди. Автоунаалардын экөөсү өпкөнү жасалма дем алдыруучу портативдүү аппараттар, дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдылып, реанимобиль стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова фонддун өкүлдөрүнө жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө өз салымын кошуп жаткан жалпы коомчулукка ыраазычылыгын билдирди. «Өкмөттүн атынан Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна көрсөтүп жаткан гуманитардык көмөгү, анын ичинде медициналык мекемелерге берилип жаткан жети тез жардам автоунаасы үчүн ыраазычылык билдирем. Заманбап жана акыркы медициналык технологиялар менен жабдылган жети тез жардам унаалары заводдон атайы буюртма менен сатылып алынган.