Жаңылыктар
Август айында жер шарында күчтүү магнит бороону болот
Кыргызстан жаңылыктары
Август айында жер шарында күчтүү магнит бороону болот

Магниттик бороон көпчүлүк адамдарга терс таасирин тийгизет. Бул кубулуш көбүнчө, катуу баш оору, уйкунун бузулушу, алсыздык, эски оорулардын кайрадан козголушу менен коштолот. Жайдын акыркы айында магнит бороону орун алат.

13-14- августта орун алчу табигый кубулуш жеңил өтөт. Геомагниттик талааны жакшы кабыл алган адамдар гана бир аз баш ооруну, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн басаңдашын сезишет.

Кийинки толкун 21-22- августта болот. Синоптиктердин белгилөөсүнө таянсак, аталган датада абанын температурасынын кескин ысышы күтүлөт. Бул учурда тахикардия, катуу баш оору, маанайдын туруксуздугу, уйкусуздук же тескерисинче уйкунун келүүсү, алсыздык, муундардагы оору менен жапа чегишет. Сууну көп өлчөмдө ичүү, биринчи жардам көрсөтүүчү каражаттардын колуңузда болуусу ашыкча болбойт. Күндүн катуу ысышы дагы бейтаптардын акыбалын оорлотуп жиберүү коркунучун туудурат.

29- августта боло турчу магниттик бороон белгиленген 3 бороондун акыркысы жана зыяндуулугу боюнча орточосу. Анчейин көп кыйынчылык туудурбаганы менен, жогоруда аталган оорулардын аз өлчөмдөгү белгилери байкалат. Бирок, ден соолугуңузга зыян келтирип албаш үчүн оор жумуштарды кылууну, спорт менен машыгууну токтотуп туруу пайдалуу.