Чыгымдарды оптималдаштыруу жана адам ресурстарын үнөмдөө үчүн бейтаптар аз келген стационарлардын иши убактылуу токтотулду. Натыйжада Бишкек шаарындагы үч стационар жабылды.
Шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын айтымында, «Аламүдүн-1» кичи районундагы №38 мектептин базасына ачылган күндүзгү стационар, CONSUL ресторанындагы жана «ДСК» спорт комплексинде түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл алууну токтотту.
Кечээ күндүзгү стационарлар 690 адамды, түнкү стационарлар 42 адамды кабыл алган. Ал эми 12-кичи районундагы «Наабайкана» муниципалдык ишканасынын базасында ачылган стационар күнү-түнү иштеген режимге өттү.