Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 208 орундуу стационар иштеп жатат. Облустагы баардык район, шаарларда 200дөн кем эмес стационардык орундар түзүлүшү керек. Бул багытта жергиликтүү бийлик менен катар жеке ишкерлер да аракет көрүүдө.Тоң районундагы калк жыш отурукташкан айылдарда дагы күндүзгү дарылоо бөлүмдөрү иштеп, алгачкы жардамдарын көрсөтө баштады.
Тоң районундагы Кажы-Сай айылында отуз орундуу күндүзгү стационар иштей баштайт. Бири айылдык ооруканада, экинчиси музыкалык мектептин имаратынан орун алды. Буга жергиликтүү жаштар көмөк көрсөтүп жатат.
Ал эми район борбору Бөкөнбаев айылындагы жеке ишкер өз тойканасын күндүзгү стационар үчүн берди. Азыр аны жабдууга өзү көмөктөшүп жатат. Айыл тургундары, конок үйлөрүн керектүү нерселер менен колдон келшинче камсыздоого көмөктөшүүдө. Дагы сексен орун түзүү аракети көрүлүүдө.
Айылдагы дагы эки жеке ишкер өздөрүнүн имараттарын күндүзгү стационар кылууга беришти. Ошондо жалпы Бөкөнбаев айылында эле жүз элүү орун даяр болот. Бирок бир кемчилик бул жайларга иштей турган медицина кызматкерлери жетишсиз болууда. Эгерде каалоочулар болсо жеке ишкерлер, жергиликтүү бийлик алардын айлык акысын да төлөп берүү жагы чечилип жатат.
Ал эми Төрт-Гүл айылында болсо күндүзгү стационар ачылып иштеп жатат. Келип куйма дарысын алып, дарыгерлердин кеңештерин угуп кеткендер эрте мененкисин көп болууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай жайлардын иштөө тартибин, кем карчын көзөмөлгө алып жатат.