Жаңылыктар
Бүгүнтөн тарта «Унаа» мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнтөн тарта «Унаа» мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү ачылат

Бүгүнтөн тарта «Унаа» мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

3-августан тарта Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмү, Лебединовка айылындагы жана Жеңиш проспектиси - 121-Б дарегиндеги айдоочулук курамды каттоо боюнча бөлүмдөр ишин жандантат. 

Ошондой эле Баткен аймактык бөлүмү менен Баткен сектору да ишин жандантышы күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал кескин начарлап кеткендигине байланыштуу «Унаа» ишканасынын бөлүмдөрү 6-июлдан тартып убактылуу мөөнөткө карантинге жабылган.