Мекеме буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткендигине байланыштуу 6-июлдан тарта карантинге жабылган. Карантин убагында автоунааларга ээлик кылууга берилген ишеним каттын мөөнөтү бүткөн жарандар «Унаа» мекемесинин аймактарда жайгашкан бөлүмдөрүнөн 20-июлдан тарта каттоо жүргүзө алышат.
Военно-Антоновка айылы, Риом-Авто унаа базарынын аймагында жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык секторунда иш тартиби убактылуу өзгөртүлдү. Эми сектор иш күндөрү - дүйшөмбүдөн жумага чейин 08: 30-17: 30га чейин иштейт.
Ал эми Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмү жана Лебединовка айылы, Победа проспектиси. 121Б дарегиндеги айдоочулук курамды каттоо боюнча бөлүмдөрдө карантиндик иш-чаралар ушул жылдын 2-августуна чейин узартылды. Мындан тышкары, 20-июлдан 2-августка чейин «Унаа» мекемесинин Баткендеги эки бөлүмү да карантинге жабылат.
Флаги блока:
На монтаж -- 0Смонтирован -- 0