Кыргызстанда коронавирус дагы 205 адамдан табылды. Бул кооптуу илдет бир сутка ичинде аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Вирустан дагы 3 адам каза болгону кабарланды. Саламаттык сактоо министрлиги обочолонуу эрежесин сактабагандар бар экенин билдирип, маселеге кайдыгер карабоого чакырды.
Коронавирус Кыргызстанда алгачкы жолу бир суткада эки жүздөн ашык адамдан табылды. Илдеттен адам өмүрү кыйылган учур үч күн катары менен катталды. Мындан сырткары ооруну жугузуп алган жети жүздөн ашуун адам үй шартында обочолонуп, жер-жерлердеги дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Жарандардын арасында илдетке кабылып, бирок өз алдынча дарыланып жаткандар да бар.
Илдет кеңири жайыла баштагандыктан вируска каршы кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен дал ушул коронавирус тууралуу суроолорго жооп берип, кеңеш бере турган, бейтапты дарыгерлер менен байланыштырган 118 ыкчам номери эми күнү-түнү иштейт. Бишкекте коронавирус жалпы өлкө боюнча катталган учурлардын үчтөн бири же 1100дөн ашыгы калк жыш жайгашкан Бишкек шаарына туура келет.