Жаңылыктар
22-июнь - Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн
Кыргызстан жаңылыктары
22-июнь - Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн

Согуш СССРге Германиянын кол салуусу менен башталган. 1941-жылы 22-июнда түнкү саат 3төн 10 мүнөт өткөндө Львов облусунун коопсуздук кызматы УССР КГБ кызматына шашылыш коңгуроо чалып Сокаль шаарынын аймагындагы чек арадан өткөн вермахт ефрейтору Альфред Лисков кармалганын, 22-июнь таң эрте менен Германия аскерлери согуштук чабуулга өтөрүн айтканын билдирет. Бирок, немецтер таң атуусун күтпөй, түнкү саат 3:30 да чабуулга өтүшкөн. Ошентип экинчи дүйнөлүк согуш башталган. 5 жылга созулган кандуу согушта Советтер союзу миллиондогон аскерлеринен, жай тургундарынан ажырап, бир канча шаар, айылдар тып-тыйпыл болгон. Апаатта он миңдеген жарандар дайынсыз жоголгон. Кыйынчылык, жоготууларга карабай Советтер союзунун аймагында эле эмес, дүйнөдөгү фашизмди жеңүүгө кыргызстандыктар да зор салымын кошкон.

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын ичинде миңге чукул аял болгон. 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон.

Советтер Союзунун Баатыры наамын алган биринчи кыргыз - Дүйшөнкул Шопоков болгон. Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандык 150 миңдей жоокер орден жана медалдар менен сыйланып, 71 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган. Кыргызстандык 29 жоокер Даңк орденинин үч даражасы менен сыйланган. Алардын ичинен 8 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алган.

1941-жылдын башында өлкөнүн элинин саны, баалоо боюнча, 1946-жылдын башына карата 1 млн. 457 миң адамга чейин кыскаруу менен 1 млн. 588 миң адамды түзгөн.  Улуу Ата Мекендик согушта Украина, Россия жана Беларусиянын убактылуу ээленип турган райондорунан республикага 30 (отуздан) ашык өнөр-жай ишканаларынан жабдуулар көчүрүлүп келген. Кыска мөөнөттүн ичинде фронт үчүн керектүү продукцияны көчүрүлүп келген ишканалардын базасында чыгарып баштаган жаңы ишканалар курулган. Алар фронтко бардык жактан күчөтүлгөн жардам көрсөтүүнүн маанилүү фактору болуп калган. Алардын ичинде: «Красный швейник» фабрикасы, «Красный металлист» заводу, М.В. Фрунзе атындагы айылмашзаводу,  ОСОАВИАХИМ (2. төм.кара) тигүү фабрикасы, Ош жибек комбинаты, Новотроицк, Кант, Беловодск кант заводдору, Кенафтык фабрикасы жана башкалар. Согуш жылдарынын ичинде 70 ашык өнөр-жай ишканалары ишке киргизилген. Машинакурулушу, түстүү металлургия, көмүр өнөр-жайы, энергетика, айрым жеңил жана тамак-аш өнөр жай тармактары орчундуу түрдө өнүгүп баштаган.  Өнөр жай продукциясынын көлөмү 1940-жылга салыштырганда 1945-жылы 22 пайызга өскөн, машинакурулушу жана металлды кайра иштетүү продукциялары -  3,5 эсеге, анын ичинде машинакурулушу – 10 эседен көп,  электроэнергия өндүрүшү – 1,5 эсеге өскөн.

Кыргызстан аскерге 360 миңден ашык адамды, же өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусун согушка жөнөткөн жана согуш жылдары өлкөгө 300 миңден ашык жаңы тургундарды кабыл алган. 30 миңден ашык кыргызстандыктар республикадан тышкары аскердик өнөр-жай ишканаларына жөнөтүлгөн

Маалыматтык согуш кучөп турган шартта айрым постсоветтик мамлекеттерде улуу ата мекендик согуштун жыйынтыктарын бурмалоого аракеттер жасалып жатканы эксперттер тарабынан айтылып келет. Башкысы тарыхтан сабак алып, согуштун кесепеттерин унутпай, тынчтыктын баркын билип жашоого аракет кылуу керек дешет тарыхчылар. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата-Мекендик согуштун 235 ардагери калды.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 56 миң жоокер дайынсыз жоголгон. 10 жылдан бери «Эрдик-Подвиг» уюму 1881 жоокердин кайсы жерде курман болгондугун, сөөгү кайда коюлганын тактаган. Бирок такталганы менен жакындарынын барып, кабырын көрүп келүүсү үчүн каражат маселеси чечилбей келет. Аскерлердин дайыны такталганы менен алардын жакындарынын баары эле барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ошондуктан, сөөгү табылган аскерлердин жакындары ошол жерге барып, кабырын көрүп келүүсү үчүн мамлекеттен колдоо көрсөтүү максатында мыйзам долбоору сунушталган. Бирок бюджеттин тартыштыгы себеп катары көрсөтүлүп, долбоор экинчи окуудан өтпөй калган.