Жаңылыктар
Абайлаңыз! Бишкекте катуу шамал болот
Кыргызстан жаңылыктары
Абайлаңыз! Бишкекте катуу шамал болот

Жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.