Бирөөнүн атын жамынып, интернет баракчаларында жалган маалыматтарды таратып, ал гана эмес бирөөнү каралаган же баңгизат, терроризм сыяктуу терс көрүнүштөргө чакырык жасагандарды четтен тапса болот. Аларга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралган эмес. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору интернеттеги жана маалымат каражаттарындагы мына ушундай аракеттерди тескөөгө багытталган. Документке ылайык, фейк аккаунт менен жалган маалымат тараткандарга сотко чейин эле тиешелүү мамлекеттик мекеме чара көрө алат.
“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун парламенттин эки депутаты - Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева иштеп чыгып, 14-майда коомдук талкууга чыгарылган. 17-июнда документ Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбооруна карата коомчулукта пикирлер ар кыл болгондуктан, документ парламенттик угууга чыгарылган. Бир катар коомдук ишмерлер социалдык тармактардагы жалган маалыматтардын коомго тийгизип жаткан терс таасирин белгилешти.
Мыйзамды бузгандарга сотко чейин тиешелүү мамлекеттик мекеме тарабынан чара көрүлөт. Жалган маалымат тараткандардын ишмердиги соттун чечимине чейин токтотулуп турат. Бул милдетти аткаруу маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлүүдө. Айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү бул сөз эркиндигине карата деп айтып келишкен. Бирок, парламенттик угууда көпчүлүк мындай пикирлерге кошулган жок.
Мыйзам демилгечилери атын ачык атабай, жалган маалымат тараткандар үчүн чара көрүү же жоопкерчилик маселеси дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонуларын белгилешет. Айрым малекеттерде мындай аракеттерге кылмыш жоопкерчилиги каралган. Демилгечи депутаттардын бири Гюльшат Асылбеванын айтымында, алар иштеп чыккан мыйзам долбоорунда мындай норма жок. Мыйзам долбоору коомдук уюмдардан, жарандардан келген алымча-кошумча пикирлер менен Жогорку Кеңешке экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлөт.