Жарандарга персоналдык идентификациялык номер Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан берилет. Ошол эле учурда ПИН жаңы төрөлгөн балдарга, чет өлкөлөрдүн жарандарына жана жарандыгы жокторго да берилет. Идентификациялык номурду берүү тутуму 2015-жылы иштей баштаган. Анда жеке номур Социалдык фонд тарабынан берилген.
Ошол себептүү жарандардын идентификациялык номери боюнча чаташтыруулар бар. Мамлекеттик каттоо кызматы идентификациялык номурду автоматташтырылган тутум аркылуу 2016-жылы бере баштады. Ошондо Социалдык фонддон ПИН боюнча жарандардын маалыматы толук каттоо кызматына которулду.
Мамлекеттик каттоо кызматындагы санариптештирүү жарандарга документтерди алууда кыйла жеңилдик берди. Бирок Жарандык абалдын актыларын каттоодо учурда санариптештирүүгө өткөрө турган 11 миллион документ турат.
Жеке номур жарандын өздүгүн тастыктай турган документтердин баардыгында көрсөтүлгөн. Мындан улам жеке номурга байланыштуу катачылыктарды жарандар кайрылгандан кийин аныктоого мүмкүн. Тагыраагы эгер жаран паспорт же айдоочулук күбөлүгүн алмаштыра турган болсо, арыз жазып мүчүлүштүктөр 3 күндө жоюлат. Бул аракеттер жарандардын документ алуусуна эч кандай таасирин тийгизбейт.