Жаңылыктар
Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу - Кыргызстан жаңылыктары

Май куюучу жана автогаз куюп, газ толтуруучу жайлар жакындан тартып автоматташтырылган маалыматтык система менен гана иштейт. Бул тутум көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, аткезчиликке бөгөт коет. Ошол эле учурда керектөөчүлөрдүн укугу корголуп, сапаттуу мунай азыктарына жеткиликтүүлүк камсыздалат. Тагыраагы кардар кассалык машинадан фискалдык чек алганда гана унаасына газ толтуруп же күйүүчү жана майлоочу майды куя алат.

Негизи долбоор 1-январдан тартып ишке киргизилмек. Бирок май куюучу жайлардын кожоюндары, нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү автоматташтырылган маалыматтык системаны орнотууга убакыт сурагандыктан 6 айлык мөөнөт берилген. Ошондуктан Салык кызматы өлкөдөгү май куюучу жана автогаз куюп, газ толтуруучу жайлар 1-июлга чейин жабдууларды орнотууну аяктоого тийиш экенин эскертет.

Адистердин айтымында жабдууну орнотууга миң доллардан жогору каражат керектелет. Автоматташтырылган маалыматтык системаны орнотуу жумуштары менен төрт компания алектенүүдө. Мындай тутум өлкөнүн 400гө жакын май куюучу жайына орнотулду. Бул Кыргызстандагы май куюучу жайлардын 40 пайызын түзөт.