Жаңылыктар
Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны - Кыргызстан жаңылыктары

Акыркы төрт күндөн бери эпидемиологиялык абал курчуп баратканы байкалууда. Өзгөчө борбор шаар Бишкекте жаңы учурлар көп катталууда. Күнүнө аныкталган оору жугузгандардын дээрлик кырк, кырк беш пайызы баш калаага туш келип жатат. Анан калса инфекцияны кайдан жугузганын билбегендер көп. Мындай көрүнүштү дарыгерлер экономикалык ишмердүүлүктүн жанданышы жана адамдардын көчөдө көп жүргөнү менен байланыштырып жатышат. Анын ичинде коомдук транспорт өтө кооптуу болууда.

Бул маселе бүгүн өткөн коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында да айтылды. Өлкө башчысы коомдук транспорт илдеттин жайылышында кооптуу жай боюнча калып жатканына көңүл бурду. Эрежеге баш ийбеген жүргүнчү ташуучу ишканаларга чара көрүү талабын койду. Бул илдетти алдын алууга ар бир жаран жоопкерчилик менен катышып, дарыгерлердин айткандарын так аткаруу талабын койду.

Өлкө башчысы Айрым жарандар өздөрү оорубай, бирок вирусту алып жүрүүчү катары коомго коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи. Ошондуктан коомдук жайларда карантиндик-санитардык нормаларды так сактап, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу экенин эске салды. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлиги инфекциянын жайылуу өзгөчөлөгүн эске алуу менен күрөшүүнүн жаңы алгоритмин иштеп чыгууда.

Ушу тапта эл арасында инфекциянын белги бербеген түрү башкача айтканда симптомсуз вирус жайылып жатканын ак халатчандар айтууда. Андыктан ооруган жокмун деп эле эркин басып, бет кап тагынбай, коопсуздук аралыгын сактабай жүрүүгө болбойт. Президенттин төрагалыгы астында өткөн жыйында илдет менен күрөшүүдөгү мындан аркы кадамдар, алдын алуу чаралары талкууланды.

Президент илдетти жугузуп алуу тобокелдиги чоң болгон кары-картаңдарга кам көрүүнү күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи. Чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандар катуу көзөмөлдө болушу керектигин билдирди.

Президент кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң экенин эскертти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ишке тартылган мамлекеттик органдардын, Бишкек жана Ош шаар мэрлеринин, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иштери жетишсиз деп табылды. Өкмөт башчыга эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бергендиги үчүн Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тартип жоопкерчилигин кароо сунушталды. Ошону менен бирге коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган бардык иш-чараларды толук каржылоону камсыз кылуу талабы коюлду.