Жогорку Кеңештин депутаттары уйгур тектүү жаран Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматын угуп, аны эске алуу боюнча токтом кабыл алды.
Депутаттык комиссия өткөн жылы ноябрь айында түзүлүп, жарым жылдан ашык убакыт иш алып барып, бүгүн бүтүмүн чыгарды. Комиссиянын төрагасы Талант Мамытов, ага алты фракциядан 11 депутат киргенин билдирди. Анын айтымында, Айэркен Саймаити тууралуу маалыматты текшерүүнүн жыйынтыгында, өлкөдөн 736 млн эмес, 932 млн доллар чыгарылганы белгилүү болду. Эл өкүлү белгилегендей, Айэркен Саймаити 2012-жылдан бери кытай ишкери Хабибулла Абдукадыр менен иштешип, Абу Сахий базарынан элдик керектөөдөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттар чыгарылган. “Өзбекстанда накталай акча каражатын чыгарууга тыюу салынгандыктан, каражат Кыргызстандан Саймаити аркылуу Кытай, Түркия жана башка мамлекеттерге чыгарылып, сатылып алынган товарлардын каражаттары төлөнгөн. Бул тиешелүү органдардын текшерүүсү менен да аныкталган”, - деди Мамытов.
Эл өкүлдөрү жалпысынан депутаттык комиссия көлөмдүү иш алып барганын белгилешип, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө бир катар суроолорду узатышты. Ошондой эле банк каржылык тутумдун ачык айкындуулугун, киреше булактарды адалдоо боюнча схемаларга каршы туруу зарылдыгын белгилешти.