Дарыгерлер, улгайган адамдарга үйдөн чыкпай, жеке гигиеналык эрежерлерди сактоону эскертип жатат . Статистика боюнча жашы элүү бештен өйдөлөп калган жарандарда өнөкөт оорулар болгондуктан кооптуу. Жугуштуу илдетке чалдыккандардын жыйырма пайызы улгайган адамдар.
Жетимиш жети жаштагы Болотбек аксакалдын үй-бүлөсү карантин эрежелерин так сактагандардын катарында... Жугуштуу илдет улгайган курактагыларга кооптуу болгонуна байланыштуу өзгөчө абал киргени үй-бүлөсү менен эки-жакка ашыкча чыкпаганга аракеттенет. Тескерисинче карантин маалында неберлерин арлыктан окутууга жардам берип, экинчи жагы чыгарамчылыкка киришкен. Анын жемиши катары жакында “Алыкулдун издери” аттуу китеби жарык көрдү. Сыясы кургай элек китебинде автор Алыкул Осмоновдун ата теги, акынды акыркы сапарга узатууга чейинки маалыматтар менен сейрек сүрөттөрүн камтыган.
Учурда ардактуу эс алуудагы Болотбек аксакал Осмоновдун чыгармачылыгын 2014-жылдан бери изилдеп келе жатканын билдирди. Кесиби боюнча экономист буга чейин жарыкка чыккан Алыкул энциклопедиясынын авторлорунун дагы бири. Тилекке каршы Болотбек Искенов сыяктуу ден соолугуна кайдыгер карабай короосунда гана сейилдеп, дарыгерлер сунуштаган эрежелерди сактагандар аз болууда. Бул бир чети кооптондурат.
Мындан улам дарыгерлер колдон келсе улгайган курактагы адамдарды үйдөн чыкпай, санитардык гигиеналык эрежерлерди сактоого чакырат. Себеби коронавирус өнөкөт оорулары бар улгайган курактагы жарандардын ден соолугуна кооптуу. Оору ылдам өөрчүп кетүү коркунучу бар. Сатистика боюнча дагы коронавирустан каза болгондордун көбү жана жугуштуу илдетке чалдыккандардын жыйырма пайызга чукулун улгайгандар түзүүдө. Мындан улам дарыгерлер улгайгандарды жеке коопсуздугу үчүн эл чогулган той-аштарга барбай турууну сунуштайт.
Жугуштуу илдет Бишкек шаарында көп катталууда. Соңку учурда бейтаптар ооруну кайдан жуктуруп алгандарын да аңдабай калууда - дейт дарыгерлер. №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна күнүнө алты жүзгө жакын бейтап кайрылууда. Арасында жугуштуу илдетке чалдыккандары да бар. Ооруну жайылтпоо максатында дарыгерлер коронавируска чалдыккандарды атайын өзүнчө ачылган "кызыл" бөлүктөн кабыл алууда.
Республикалык штаб билдиргендей коронавируска эң көп кабылгандар же ооруну жуккандардын 37 пайызы 20 жаштан 35 жашка чейинки жарандар. 35тен 55 жашка чейинкилер 30 пайызды түзсө, улгайган бейтаптар 20 пайызга жакын.