Жаңылыктар
Бет кап тагуу талап кылынат
Кыргызстан жаңылыктары
Бет кап тагуу талап кылынат

Баткен шаарында коомдук тамактануучу жайлардын, коомдук унаалардын санитардык абалы текшерилди. Талаптарды аткарбан айрымдарына айып пул салынды. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери биринчи эле коомдук тамактануучу жайды текшеришкенде бир катар талаптар аткарылбаганына күбө болушту. Тейлөөчү кызматкерлер бет капсыз жана айрымдары медициналык күбөлүксүз иштеп жүрүшкөн. Бул жайга буга чейин да санитардык абалды сактоо боюнча эскертме берилгендиктен айып пул салынды.

Мындан сырткары коомдук транспорттордун айдоочулары да талаптарды кенебестиги аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана транспорт министрлигинин талабына ылайык ар бир айдоочунун унаасында коргоочу суюктуктар, жүргүнчүлөр үчүн бет кап тагуу боюнча эскертүү жана айдоочуларга да бет кап тагуу талабы коюлган. Тилекке каршы мындай талапты кынтыксыз аткаргандар саналуу гана чыкты.

Тиешелүү кызматтар күн сайын эле облус аймагындагы коомдук жайлардын санитардык абалын текшерүүгө алышат. 200дөн ашуун ишканага эскертүүлөр берилип, 100 миң сомго жакын айып пул өндүрүлгөн. Мындай текшерүүлөр дагы да уланууда. Айып пулдардын саны өскөнү менен талапка баш ийгендери азайбай жатат. Андыктан облустук штабга санитардык абалды аткарбагандарга катуу чара көрүү сунушталган.

Облус аймагында коомдук тейлөөчү мекемелерге уруксат берилгенден тартып эле элдердин талаптарга моюн сунбагандыгы байкалган. Тартип сакчылары ар бир жаранды беткап тагынууга милдеттендирет. Баткен облусунда жалпы 36 адам коронавирус оорусун жуктуруп алган, алардын 30у сакайып чыккан.