Коронавирустун белгилери байкалбаган түрүн алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб, аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритмин иштеп чыгат. Бул тууралуу президенттин кабыл алуусунда болгон премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Өлкө башчысы инфекция тарап жаткан шартта, жарандар жоопкерчиликсиз мамиле болуп жатканын айтып, ак халатчандардын эмгегин текке кетирбөөгө чакырды.
Ушу тапта өлкө аймагында эпидемиологиялык абал өтө курч бойдон сакталууда. Экономикалык ишмердүүлүк жанданып, жарандардын көбү сыртта жүрүшөт. Айрымдары санитардык нормаларды сактаса, көбү эрежеге баш ийбей жатышат. Ал тургай ишенбегендер да чыгууда. Медиктердин айтымында Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын белгилери байкалбаган түрү жайылууда.
Дарыгерлер күн-түн дебей илдет менен алпурушуп жатышса, той маараке өткөрүп, куран окутуп эл чогулткандар четтен чыгууда. Ак халатчандардын айтымында жарандар дагы деле илдетти этибарга албай кенебестик мамиле кылышса вирус жалпы өлкөгө жайылып кетүү коркунучу бар. Мындай учур атуулдар тарабынан өтө жоопкерчиликти талап кылган учур экенин айтышат.
Симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб тарабынан аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритми иштелип чыгууда. Бул боюнча бүгүн президенттин кабыл алуусунда Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов билдирди. Өлкө башчысы өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кеткенин айтты. Ал илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан, пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин өзгөчө баса белгиледи.
Президент мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды экендигин белгиледи. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарыл экендигин айтты. Мамлекет башчысы илдет менен күрөшүүдө алдыңкы катарда кызмат кылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылуу тапшырмасын койду.