Өлкөдө коронавирус инфекциясына кабылгандар арбыды. Акыркы суткада илдет дагы 87 адамдан аныкталды. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан. Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык абал жеңилдей элек экенин эскертип, коопсуздук талаптарын так аткарууга чакырды.
Коомдук жайларда кыймыл жанданып, экономикалык активдүүлүк байкалды. Мындай шартта кооптуу илдетти жуктуруп алгандар да көбөйүүдө. Соңу бир күндө 87 адамдан коронавирус табылганы адистери тынчсыздандырууда.
Саламаттык сактоо министрлиги, дарыгер адистер коронавирус кооптуу илдет экенин эскерткени менен ага анча маани бербегендер, ал тургай ооруну жок деп эсептегендер да бар. Коронавирус өлкөнүн бардык аймактарында катталды. Учурда абал айрыкча калк жыш жайгашкан Бишкекте оор экени белгиленди. Борбор калаада үч күндүн ичинде 116 адамдан илдет табылган.