Жаңылыктар
Сузакта катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын Өкмөт көзөмөлгө алды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Сузакта катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын Өкмөт көзөмөлгө алды - Кыргызстан жаңылыктары

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысы Өкмөттүн көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Буга чейин социалдык тармакта аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, үстүнөн суу куюп, уруп жаткан эркектин видеосу тараган. Жабыркаган аялдын жазган арызынын негизинде ал киши кармалып, райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынды. "Бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысы дүйшөмбү күнү өкмөткө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган улуттук кеңеш 2012-жылы түзүлгөн. Ал гендердик өнүгүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну координациялаган, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.