Кезектеги чакыруу түштү. Кайгуул милициянын кызматкери Алмаз Калматов шериги экөө айтылган дарекке жөнөп кетишти. Унаада бара жатып тартип сакчысы белгиленген даректи тактап, окуянын чоо-жайын билүүдө. Анда көп кабаттуу үйдүн тургуну төртүнчү кабаттан чакалап суу төгүп, кошуналардын тынчын алып жатканы белгилүү болду.