Жаңылыктар
Муфтий: мечиттерде талапты так сактаңыз
Кыргызстан жаңылыктары
Муфтий: мечиттерде талапты так сактаңыз

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мечитке келүүдөгү талаптарды, эрежелерди, тартиптерди так сактоого чакырды. Маалыматка ылайык, пандемиядан улам дээрлик 2 айдан ашуун убакыттан бери окула элек жума намазына келген жарандар бет кап тагынып, дене табы өлчөнүп, антсептикалык каражаттар себилген соң гана мечитке киргизилди. Андан соң сапта тургандардын аралыгы 1,5 метрди түзүп, Саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн талаптар жана эрежелер так сакталды. 

Мечитке келген жамаат алдында муфтий Максатбек ажы Токтомушев кайрылуу жасап, мечитке келүүдөгү талаптарды, эрежелерди, тартиптерди так сактоого чакырды. 

"Учурда кээ бир адамдар ооруга көңүл кош мамиле кылып, базарларда деле эл бет капсыз жүрөт деп салыштыргандар бар. Биз тартиптүүлүктү, эрежелерге баш ийип, башкаларга үлгү болуучу сапатты көрсөтүшүбүз керек. Бардык нерсе акырындык менен өз ордуна келет. Андыктан бири-бирибизди туура түшүнүп, жардам берип, сабырдуу бололу" , - деди муфтий.