Аэрофлот компаниясынын кезектеги чартердик каттамы, Москвадан Ош шаарына учту. Жүргүнчүлөр кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар менен кары-картаңдар. Алардын көпчүлүгү бул каттамды айлап күткөндөр.
Москва убактысы менен таңкы саат 3:40 Шереметьево аэропортунан Ош шаарына чартердик каттам менен 358 жаран мекенге кайтты. Алардын 229 кош бойлуу, 63чү жаш балалуу аялдар болсо, үчөө чоң эне. Бизнес класстагы орундарга алдын ала билет алган 4 жаран да бар.