Тажикстандын 3 району менен чектеш жайгашкан Жезкен айылында жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Ага сырткы инвесторлордон, айыл жашоочуларынан, жергиликтүү бийликтен 3 млн сомдон ашык каражат тартылган. 83 орунга ылайыкташкан мектеп жаңы окуу жылына толук даяр болот деп болжонууда.