Адамдар көп топтолуучу үй-бүлөлүк иш-чараларды кафе, ресторандардан өткөрүүгө уруксат берилбейт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Элден массалык иш-чараларды өткөрүү өтүнүчү менен кайрылуулар болууда.
Эпидемиологиялык абал турукташмайынча киши көп чогулган иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Ал арада, коронавирустан айыгып чыккандардын саны арбыды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата1668 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.