Карантин эрежелерин бузган ишкерлерге байланыштуу 23 материал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.
Ал эми кардарларды бет капсыз кабыл алган жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонбогон Бишкектеги ишканаларга миллион сомдон ашык айып пул салынган. Санитардык дарыгерлер, жергиликтүү бийлик жана тартип сакчыларынан турган ыкчам топтор бир жарым миңден ашуун ишкерлик объекттердеги эреже бузууларды аныктаган.
“Тамактануучу жайлар, соода объекттери, май куючу, унаа оңдоочу жайлар, транспорттук ишканалар, өндүрүш жана курулуш ишканалары, базарлар жана башка ишкерлик жайлар текшерилип, 3075 эскертүү берилди. Бет кап, зыянсыздандыруучу каражаттарды колдонбогон, тазалыкты сактабаган тараптарга 642 протокол түзүлүп, жалпысынан 1 миллион 49 миң сом айып пул салынды”,- деди Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев.