Эл аралык каттамдарды жандандыруу маселеси боюнча Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штаб бир катар чет мамлекеттердин туруктуу эл аралык, анын ичинде Кыргызстанга жана Кыргызстандан каттамдарды жандандыруу чечимин жарыялагандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргызстандан жана Кыргызстанга эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чечим штаб тарабынан өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана анын курчушу мүмкүн экендигин эске алуу менен кабыл алат. Ошону менен бирге Кыргызстанга жана өлкөдөн чартердик каттамдарды уюштуруу зарылдыгына жараша улантылат.