Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барды

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантат. 10-11-июнь күндөрүндө Мамлекет башчысы иш сапары менен Ош облусунда болот. 

Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарында болуп, Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коет. Президент иш сапарынын алкагында Ош облусундагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.