Соңку үч жылда 107 айылга суу тартылды. Дээрлик баарында суу түтүгү көчөгө эмес, үйүнүн короосуна чейин жеткирилди. Эми 2024- жылы Кыргызстандын аймагындагы шаар жана айыл – кыштактардын баары таза суу менен толук камсыз болот.
Учурда республика боюнча 1819 алктуу конуштун 715инде ичүүчү суу көйгөйү бар, ал эми анын ичинен 379дун тегерегиндеги кыштакка союз маалында да суу түтүгү тартылган эмес.