Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Баткен облусундагы калкка кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканалардын санитардык абалы текшерилип турат. Атайын түзүлгөн комиссия 1087 ишканага рейд жүргүзүп, анын 227сине эскертүү берген. Талаптарды аткарбаган 67 тейлөө ишканасына айып пул салынган. Санитардык абал көзөмөлдө.
Өкмөттүн чечимине ылайык калкка кызмат көрсөтүүчү ишканалар кайрадан ишин жандантып, элдердин кыймылы көбөйдү. Деген менен өлкөдө өзгөчө кырдаал күчүндө экенине карабай санитардык талаптар так сакталбай жатат. Мындан улам атайын кызматтар рейддерди уюштурууда.
Талапка ылайык калкка кызмат көрсөтүүчү ар бир мекеме коронавирустун алдын алуу жана жайылтпоо чараларын так аткаруусу заарыл. Кызматкерлерде жана сырттан келген адамдарда бет кап болуусу шарт. Вируска каршы атайын суюктуктар менен камсыздалып, адамдар ортосундагы 1,5 метр аралык сакталуусу керек. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 32 адам. Алардын 27си дарыланып чыккан. Облуста 11818 адамдан коронавируска анализ алынган. 5 адам изолятордо ал эми 91 адам обсервацияга алынган.
Нургазы Жайнаков Ырысбек Мазайит уулу Ала-Тоо 24 Баткен облусуАлардын 27си дарыланып чыккан. Облуста 11818 адамдан коронавируска анализ алынган. 5 адам изолятордо ал эми 91 адам обсервацияга алынган.