Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! 8-10-июнга чейин өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! 8-10-июнга чейин өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 8-июндан 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн кабарлады. 

Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-9-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт. Буга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 

Ал эми, 9-июнда өлкө аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.