Жаңылыктар
«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
 «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселеси талкууланды

Кыргыз жана кытай тарап «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин видеоконференция режиминде талкуулашты. Талкуу Бажы кызматынын жана Кытай Эл Республикасындагы СУАРдын Бажы башкармалыгынын башчыларынын ортосунда болду. Жыйын жүрүшүндө тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган жаңы алгоритмди сунуш кылды.

Бул алгоритм бизнес-коомчулук менен макулдашылды, аны учурда кошуна өлкөлөр дагы иш жүзүндө колдонууда. Кытай тарап сунушталган алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча зарыл шарттардын тизмесин жөнөтөрүнө ишендирди. Тараптар берилген сунуштарды кароонун жыйынтыгы тууралуу өз ара маалымат берип турууга жана зарылдыгына жараша видеоконференция түрүндө кезектеги жыйынды өткөрүүгө макулдашышты.

Бүгүнкү күнү «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча тараптардын ортосундагы иштер уланууда.