Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген расмий маалыматына ылайык дүйнөдө коронавирус илдетинен жабыркагандардын саны 6 миллион 663 минден ашты. 392 мин 800 адам каза болгону айтылууда. Америка Кошмо Штаттарында жабыркагандардын саны 1 миллион 900 мин адамга жетсе, экинчи орунда Бразилия, бул өлкөдө 614 мин 900 учур катталган. Үчүнчү орунд 458 миң 689 жабыркаган адам катталган Россия Федерациясы турат. 286,2 мин учур катталган Улуу Британия төртүнчү орунда, ал эми 241 мин учур катталган Испания бешинчи орунда.
7-июнга карата берилген расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда коронавирустун 33 жаны учуру катталды, жалпысынан республикада 2007 учур катталган. 1 мин 425 адам илдеттен кутулуп, айыгып чыккан. 22 адам каза болгон.
Учурда өлкөбүздө коронавирус илдетине каршы көрүлүп жаткан чаралар активдүү улантылууда. Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар бардык соода тармактарда, базарларда жүргүзүлүп жатат. Коомдук транспорт жана элди тейлөөчү мамлекеттик мекеме-уюмдардын кабыл алуу жайлары адистердин өзгөчө көңүл борборунда болуп жатат. Жеке гигиена жана коопсуздук эрежелери, адамдардын социалдык аралыгы, массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө коюлган чектөө-тыюулар сакталып келет.
Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери дагы да болсо алдынкы катарда. Күнү-түнү, ооруканалардан чыкпай, мөөнөттөшүп иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин мойнунда кесиптик жоопкерчиликтин оор жүгү турганын эл билип, жогору баалап, алкыш айтышууда. Дарыгерлердин талыкпай жасап келген аракеттеринен улам жабыркаган жарандарыбыздын 70%и илдеттен аман кутулуп, үйлөрүнө чыгып отурат.