Текчеде тизилген бул китепчелер Аламүдүн районунун Ленин айыл өмөтүндө катталган ар бир түтүндүн чарба китеби. Анда үйдө жашаган адам санынан тартып, мал-жандык, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнө чейин жазылган. Чарба китептери колго толтурулуп, беш жылда бир кайрадан жаңыдан ачылып турат. Аны кайра баштан көчүрүп, колго жазып чыгуу азаптын азабы, түйшүктүн түйшүгү.
Назгүл Исаева Ленин айыл өкмөтүндө жооптуу катчы кызматын аркалайт. Аймактагы кыбыр эткен кыймылдын баары анын калеми менен жазылат. Ар бир түтүндүн чарба китепчесин толтуруу, тургундарды каттоого алуу, каттоодон чыгаруу, маалымкат берүү жана башка ушул сындуу статистикалык маалыматтарды алуу анын негизги милдети. Санарип аймак платформасы иштеп баштагандан тарта Назгүл айым манжасын жоорутуп кагаз жазбай калды. Кабат-кабат тизилген жанагы китептердин баары электрондук форматка өттү.
Ленин айыл өкмөтүндө расмий каттоо боюнча он эки миңден ашуун тургун жашайт. Ал эми расмий эмес сан жыйырма миңге чейин жетет. Күнүнө маалымкат алуу үчүн эле айыл өкмөткө отуздан элүүгө чейин жаран кайрылат. Мурда ал маалымкаттын баары колго толтурулса, азыр дароо компьютерден чыгарылат.
Санарип аймак тутуму ушу тапта пилоттук тартипте сегиз айыл өкмөттө иштеп жатат. Жыл соңуна чейин бүт республиканы жалпы 453 айыл өкмөттү, райондук жана облустук деңгээлдеги 31 шаарды камтыйт. Борбордон алыс жайгашкан бийик тоолуу айыл өкмөттөрдөн тартып, бардык жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын иши санариптешет. Тутумдун эң негизги артыкчылыгы ички миграцияны каттоого алууга шарт тузүлөт.
Бирдиктүү базага киргизилген маалыматты башка органдар да ала алат. Маселен, насыя алуу үчүн банкка кайралганда жашаган жериңизден чарбаңыз же кирешеңиз тууралуу маалымкатты сурашат. Санарип аймак платформасы Түндүк тутуму менен интеграцияланса маалымат бардык мекемелерге жеткиликтүү болот. Бул өз кезегинде жарандарды ашыкча бюрократиялык түйшүктөн куткарат. Маалымкат алат элем деп көрүнгөн эшикти кагып, кезекке турбайт. Мамлекеттик кызматкер менен жаран ортосундагы байланыш азайып адам фактору жокко чыгат. Аны менен бирге коррупция жана бюроктратиянын тизгини тартылат. Санарип саясатты ишке ашырууда өзгөчө аймактарга көңүл буруу керек экенин Президент облус башчылары менен болгон санарип диалог учурунда билдирди.
Акыркы эки жыл аралыгында ишке ашып жаткан санарип саясаттын жемиши өзгөчө пандемия шартында жакшы билингенин адистер айтышат. Тарап жаткан инфекция жашоо тиричиликти таптакыр башка нукка буруп, мамлекет деген машина туңгуюкка туш келгенде, абалдан чыгууда санариптешүү чоң роль ойногонун белгилешет. Анын аркасы менен билим берүү тутуму ишин үзгүлтүккө учуратпай улантып кетти. Мамлекеттик кызмат көрсөтүулөрдүн көбү электрондук түрдө иштеп жатты. Санариптешүүнү улантуу багтыныда бул жылга карата да бир топ максаттар белгиленген. Өлкө башчысы тарабынан да мамлекеттик саясатты үгүлтүксүз улантуу тапшырмасы коюлган.
Алдыда анариптик технологияны экономикага жана социалдык чөйрөнү тескеген тармакка тармакка терең киргизүү максаты турат. Калктын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу маселеси да бар. Узаган аптада өткөн облус башчылары менен болгон санарип диалог учурунда электрондошуу багытында аймактарда аткарлыган иштер айтылды.
Бир кезде паспорт алуу же алмаштыруу, мөөнөтүн узартуу машакаттуу иш эле. Зарыл болгон кагаздарды топтогонго эле бери дегенде эки күн убакыт кетчү. Ички миграция менен борбордо иштеп жүргөндөр каттоодо турган айылына барып паспорт алмаштырып келишчү. Азыр болсо мунун баары өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн. Ушу тапта жарандарды тейлөө борборлору иштеп жатат. Анда жарандар бир имараттан башкасына чуркап убара болбой, бардык кызматтарды бир жерден алышат. Кезекке тургандан тартып, сүрөткө түшкөнгө чейинки бардык кызмат көрсөтүү электрондошкон. Кезек талашып урушкандарды көрүүгө да болбойт. Кызматкер менен жаран ортосундагы байланыш дээрлик жокко эсе. Бул өз кезегинде коррупциялык тобокелдиктерди жойду. Мындай калкты тейлөө борборлору эми аймактарда да көбөйгөнү турат.
Бул өңдүү калкты тейлөө борборлору 21-майдан тарта иштеп баштаган. Жаңы ачылган алгачкы үч күндө жарандардын саны аябай көп болуп, топтошкондор арбын болуп жаткан. Азыр абал турукташып, күнүнө беш жүздүн тегерегинде адам кызмат алууда. Басымдуу бөлүгү паспорт алгандар, жоготуп ийип кайрадан арыз тапшыргандар, мөөнөтүн узарткандар, күбөлүк алгандар жана никеге тургандар. Имараттын ичинде бардык санитардык-карантиндик нормалар сакталууда.
Эки жылдан бери ишке ашып жаткан санарип саясаттын негизги максаты калктын калың катмарына мамлекеттик кызмат алууда жеңилдиктерди түзүү болуп саналат. Бул багытта аткарылган акыркы санарип жаңылык «iGov» мобилдик тиркемеси болду. Бул тиркемеде электрондук документтер - айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техпаспорту, ID-карта камтылат. Башкача айтканда сиз бардык документиңизди мурдагыдай жаныңызда алып жүрүүгө зарылчылык болбойт. Бардыгы сиздин кол телефонуңузда болот.
Жарандардын социалдык-экономикалык абалы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынан көз каранды. Андыктан мамлекеттик саясаттын нугу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, өзгөчө, аймактарда көтөрүүгө багытталышы керек экенин өлкө башчысы айтты. Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетүүгө жана алардын жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, бул багыттагы иштерди токтоосуз улантуу тапшырмасы коюлган.