Жаңылыктар
Кыргызстандын бажы тармагына АСИКУДА маалымат системасы киргизилет - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын бажы тармагына АСИКУДА маалымат системасы киргизилет - Кыргызстан жаңылыктары

Өкмөт мындай тутум аркылуу товарларды 100 пайыз электрондук декларациялоону, тармакта натыйжалуу көзөмөл жүргүзүүнү максат кылат. Система 2020-2022-жылдардын аралыгында толук ишке ашаары кабарланды. Бул Бажы тармагын санариптештирүүнүн уландысы болуп саналат. Мындан сырткары “Санарип тамга” долбооруна артыкчылык берилет.

Бажы тариздөөлөрүн толугу менен электрондоштуруу максат кылынууда. Бул үчүн быйыл 1-июлдан тартып “Санарип тамга” долбоору сынала баштайт. Анын жардамы менен чек арада иш алып барган бардык органдар электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырат. 

Бажы бекеттеринде видеожабдуулар орнотулган. Беш жүздөн ашуун камеранын он беши онлайн көзөмөлгө туташтырылып, ал аркылуу чек арадан өткөн жүктөрдү ар бир жаран көзөмөлдөсө болот. Ал эми бардык видеокамераларды туташтырууда жогорку ылдамдыктагы интернет зарыл болууда.