Жаңылыктар
“Бактылуу балалык” жумалыгы жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары

Балдарды колдоо жылынын алкагында уюштурулган “Бактылуу балалык” онлайн жумалыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Саамалыкка аймактардан жана борбор калаадан жалпы 200 ашык бала жаш өзгөчөлүгүнө жараша үч топко бөлүнүп катышты. Жаш муунга руханий азык тартуулоого багытталган сынактын жыйынтыгы калыстар тобунун чечими менен “Фейсбук” баракчасы аркылуу түз ободо көрсөтүлдү.