Жаңылыктар
Жалган маалымат таратууну чектөө
Кыргызстан жаңылыктары
Жалган маалымат таратууну чектөө

Бүтүндөй дүйнө өлкөлөрү азыркы учурда жалган маалымат таратууга каршы күрөшүп жатат. Алыс барбай, КМШ мамлекеттерин эле алсак, маселен Орусияда такталбаган маалымат тараткандар үчүн ири суммадагы айып пул каралган, Казакстан болсо бул үчүн кылмыш жоопкерчилигин да киргизген. 

Өзүнүн атын жашырып, элге жалган маалымат бергендер үчүн жоопкерчилик эми Кыргызстанда да колдонулат. Бир нече депутаттан турган топ буга багыттаган атайын мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Белгилей кетүүчү жагдай документ сөз эркиндигин, ошондой эле журналисттердин ишмердигин чектебейт.