5-июндан тарта ички аба каттамдары жана аймактар аралык коомдук транспорт иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары текшерүүнүн алгоритмин так аткарууга жана талап кылынган санитардык чаралардын сакталышын көзөмөлдөөгө даяр болушу керектигин белгиледи. «Коомдук транспорттордо жана бардык жүргүнчүлөрдүн санитардык коопсуздук эрежелердин так сакталышы катуу көзөмөлгө алынышы керек. Конууда сөзсүз түрдө бет кап тагынышсын жана дене табы өлчөнсүн.
Автобус жана маршруттук такси менен ташууну уюштуруу коопсуз болушу шарт. Биз бардыгы санитардык нормаларды сактоо менен бара жатканына ишенимдүү болушубуз керек», - деген Кубатбек Боронов, Транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди. Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр Бишкекте инфекциянын жугуу коркунучу жогору болуп турганын айтып, олуттуу жагдайлар болбосо борборго каттоо сунушталбагандыгын белгиледи. Бишкектеги соода-сатык жайлары, соода борборлору, дүкөндөр, кафелер жана коомдук транспорттор сыяктуу коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактабагандыгы боюнча сындар айтылды, бул шаардагы эпидемиологиялык абалды начарлатары белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондун башталышынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтылды. Белгилүү болгондой, пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилерине айтылган санитардык эрежелерди көзөмөлдөөгө катуу талаптар коюлган. Ошондой эле, 25-июндан тарта балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер иштей баштайт.