Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты - Кыргызстан жаңылыктары

Кыргызстан жаңылыктары. Бүгүн, 31-май саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Чыр чатак, эки тарап, Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда, аталган булак бизге таандык дешип сөз талашып чырдашып кетишкен.

Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбек Республикасынын Сох районунун акими чыр чатакты жөнгө салуу боюнча жолугушуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.