Коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында Өзбекстандан Кыргызстанга үчүнчү ирет гуманитардык жардам келди. COVID-19 вирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргызстандын аракеттерин колдоо максатында келген жардамды өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү тосуп алды.
Кабыл алуу иш -чарасына ошондой эле, Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов да катышты. Жардам катары 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорид , 2 миң 500 даанадан респиратор жана медициналык коргоочу кийимдер, бет кап, кол каптар берилди. Кыргыз тарап көрсөтүлгөн колдоону жогору баалап, өзбек элине терең ыраазычылыгын билдирди. Өз ара колдоо принциптеринин алкагында, Кыргызстан Өзбекстандын Сырдарыя аймагында суу каптоодон жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөткөн. Анда, 1000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы болгон.