Жаңылыктар
1-июндан тарта өлкөдө ишке кире турган экономикалык тармактар - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
1-июндан тарта өлкөдө ишке кире турган экономикалык тармактар - Кыргызстан жаңылыктары

1-июндан тарта өлкөдө экономиканын дагы бир катар тармактары ишке кирет. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 


Анын айтымында, ишмердигин жанданткан багыттар керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү, калкты тейлөө кызматтары, аудит жана консалтингдик компаниялар, жарнама агенттиктери, мындан сырткары туристтик жана эс алуу жайлары болмокчу. Бирок, бул тармактардын ишке кирүүсү бардык санитардык талаптарды сактоо менен гана жүргүзүлөт. 


Биринчи вице-премьер-министр, өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташты деп айтууга азыр эрте экенин, андыктан жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алуу үчүн ишмердигин жанданткан ар бир мекеме-ишкана талаптарды сактап, ага катар жарандар дагы бет кап кийүү, эл көп топтолгон жерлерде санитардык гигиеналык эрежелерди так аткарышы керек.