Жаңылыктар
Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш күнүнө арналган парадга катышат - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш күнүнө арналган парадга катышат - Кыргызстан жаңылыктары

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парадга катышаары күтүлүүдө.

Буга чейин Россиянын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары 24-июнга белгиленген парадга Жээнбеков келерин жазып чыгышкан.

26-майда Россиянын президенти Владимир Путин Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парад 24-июнда өтөрүн билдирген.

Быйыл орус бийлиги Жеңиш күнүн ири иш-чаралар менен белгилегени жаткан. Москвадагы парадга 15 миңдей адам, 400дөй техника каражаты чыгарылмак жана Франциянын, Индиянын, Кубанын, Венесуэланын, Чехиянын лидерлери парад көргөнү келерин айтып, убада беришкен. Бирок коронавирус пандемиясынын айынан 9-майда парад өтпөй калган.

Илдеттин айынан Кыргызстанда да массалык иш-чаралар уюштурулган жок.