Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жаткан 27 мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жетекчиси Адилет Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, фонддун каражатына өлкөнүн ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында мектептер курулууда.
Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда 27 мектептин курулушу боюнча келишимге 2017-жылы кол коюлуп, ал Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөн. Тиешелүү уруксат берүүчү документтери былтыр аяктап, курулуш иштери 2019-жылдын күзүндө башталган. Подряддык компаниялар тарабынан азыркы учурга карата 3 млн долларга эсептелген жумуштар аткарылды.