Жаңылыктар
Улуу Жеңиш майрамынын урматына ардагерлерге акчалай жардам берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңиш майрамынын урматына ардагерлерге акчалай жардам берилди

Улуу Жеңиш майрамынын урматына ардагерлерге акчалай жардам берилди. Согушка катышкан, жашы жете элек курагында концлагерде тутканда болгон жана Ленинград курчоосунда жапа чеккен 234 ардагердин ар бирине 75 миң сомдон төлөндү. Мындан сырткары жер-жерлерде жергиликтүү бийлик тарабынан да акчалай көмөк көрсөтүлүүдө.


Почта кызматкеринен акчалай жардамды кабыл алган карыя 98 жашта. Согуш башталгандан тартып, соңуна чейин майдан талаасында болгон ардагерге бул ирет 90 миң сом берилди.


Жеңиш майрамынын урматына ардагерлерге акчалай жардам берүү тууралуу жарлыкка президент 4-мартта кол койгон. Ага ылайык согуштун катышуучулары менен жашы жете элек курагында туткунда болгондор жана Ленинград блокадасында жапа чеккен ардагерлерге 75 миң сомдон төлөндү. Бишкек шаарында мэрия кошумча 15 миң сомдон берди.


Учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 234 ардагери бар. Мындан сырткары 1700дөн ашык оорукта эмгектенгендер жашайт. Аларга болсо 15 миң сомдон бир жолку төлөм берилди.