Жаңылыктар
Ош: эч ким колдоосуз калбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: эч ким колдоосуз калбайт

600 миңдей киши жашаган Ош шаарында гуманитардык жардам даректүү, акыйкат жеткирилүүдө. Калаада ички миграция күч. Көбүнчөсү күнүмдүк оокатка каражат таап иштегендер учурдагы абалга байланыштуу жумушсуз калгандар. Аймактагы өзгөчө абалдын узартылганына байланыштуу мамлекет тарабынан 27 миң 700дөй үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы бериле баштады. Ишеним телефонуна катталган жарандардын көйгөйлөрүн Ош комендатурасы жергиликтүү бийлик менен биргеликте жеринде чечүүдө.