Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу, манасчы, кыргыз менен казакка бирдей таанымал ак таңдай төкмө, айтыш өнөрүнүн акыркы мезгилдеги залкары Элмирбек Иманалиев жерге берилди. Акын менен коштошуу зыйнаты Бишкек шаарында өтүп, өнөр сыйлаган эли катышты. Төкмө акын менен коштошуу зыйнаты акын өзү жашаган даректе өттү. Тилекке каршы учурдагы кырдаалга байланыштуу иш- чара тиешелүү деңгээлде уюштурулган жок. Бирок ага карабастан, талантты баалаган өнөр күйөрмандары чогулду. Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатында өлкө башчынын кайрылуу сөзүн, акындын жакындарына көңүл айтуусун Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев жеткирди.