Бүгүн кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады, обончу, манасчы, кыргыз менен казакка бирдей таанымал ак таңдай төкмө, айтыш өнөрүнүн акыркы мезгилдеги залкары, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнө салды. Эл артисти төкмөлүктөн тышкары обончулук, актёрлук, манасчылык өнөрдү да аракалады. Анын калеминен жаралган ырлар, обондор учурдун классикасына айланды. Ак таңдай акын акыркы мезгилде шакирттерди даярдап, устат катары төкмөлүк өнөрдүн көч башында келе жаткан. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары эл ырчысы - Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт. Жакындарына, туугандарына, өнөр кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз!
Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ак-Жар орто мектебинен 7-классты аяктагандан кийин окуусун Бишкек шаарында улантып, Улуттук филармониянын алдындагы студияны бүтүргөн. 1994-1998-жылдар аралыгында республикалык «Сейтек» балдар борборунда, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониясында, андан соң Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы драма театрында иштеген. Кийин билимин улантып Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган. Элмирбек Иманалиев соңку мезгилдин залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алып, улуттук өнөрдүн көчүн татыктуу улап, төкмөчүлүк өнөрдүн туу башында келди. Эл сүймөнчүгү, нукура акын Элмирбек Иманалиев таланты менен өлкөбүздө өткөн кадыр-барктуу сынактарда, фестивалдарда бир нече жолу баш байгелерди жеңип алып, элибизге аттын кашкасындай таанылган. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү төкмөлөр менен айтышып, күч сынашып, башкы байгелерди жеңип, акындык өнөрдүн аброюн көтөргөн. Казакстандын Астана калаасындагы төкмө акындар фестивалында башкы байгени утуп алып, казак бир туугандарыбыздын зор алкоосуна ээ болгон. Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элибиздин жан дүйнөсүнө айланып, кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарып келди. Элмирбек Иманалиев Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында драматург С. Алтымышевдин «Токтогул» драмасында - башкы ролду ойноп, Токтогулдун жаркын образын жараткан.
Таланттуу акын, ак таңдай төкмө өмүрүнүн акыркы жылдары "Айтыш" коомдук фондунун устаты, "Төкмө келсе төр бошот" теле долбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын өнөр устаты болуп келди. Элмирбек Иманалиевге маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын эл артисти деген ардактуу наамдар ыйгарылган. Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары эл ырчысы - Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт. Жакындарына, туугандарына, өнөр кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз! С.Ш. Жээнбеков, Д.А. Жумабеков, М.Д. Абылгазиев, А.Ж. Исмаилова, Д.А. Эсеналиев, С. Шер-Нияз, К.К. Иманалиев, Н.Тотонов, А.С. Кодуранова, А.К. Жаманкулов, С.А. Раев, К.Б. Базарбаев, Б. Жакиев, З. Үсөнбаев, Т. Казаков, Н.С. Мирзахмедов, Т.Т. Жайылов, К.Садиев, Т.Р. Козукеев, Р. Аманова, А. Болгонбаев, М. Самыйкожо, А. Нуралиев, А. Кутманалиев, Ж. Жумакадыр, А. Туткучев, Ш. Абдырахман, С. Бейшекеев, Ф. Бекмамбетов, А. Маратов.