Жаңылыктар
Ташбоо Жумагулов дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Ташбоо Жумагулов дүйнө салды

Узакка созулган оорудан кийин коомдук ишмер, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон агартуучу, «Даңк» медалынын ээси Ташбоо Жумагулов 70 жаш курагында дүйнө салды. Жумагулов 1950-жылы Таластын Жоон-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин алгач партиялык, комсомолдук кызматтарда такшалып, Кыргыз ССР Министрлер Советинин аппаратында улук референти, Талас облустук маданият башкармалыгынын башчысы, Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, өкмөттүн алдындагы маданият боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрага орун басары, Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси - жооптуу жетекчи кызматтарын аркалап, өзүнүн жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, мекенчил сезимин, атуулдук жоопкерчилигин татыктуу көрсөтө алды. 

Жумагулов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ишин башкарган жылдарда мамлекеттик тил саясатына жаңы дем берип, баркы көтөрүлүп, аны өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзгөн. Улуттук тилдин көйгөйлөрүн көтөрүү жана жайылтуу менен мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө, коомдук турмушта кеңири кулач жайысууна өзгөчө салым кошту. Анын сунушу менен Кыргыз тилинин орфографиялык, түшүндүрмө сөздүктөрү көп нускада басылып чыгып, Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясы бекитилген. Компьютерде, интернетте мамлекеттик тилди кеңири колдонуу саамалыктарын баштаган. 

Ташбоо Жумагуловду акыркы сапарга узатып жатып, ысмы эл арасында түбөлүк сакталып каларына ишенебиз жана маркумдун жакындарына, туугандарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жээнбеков, Жумабеков, Абылгазиев, Исмаилова, Эсеналиев, Молдобекова жана башкалар.