Жаңылыктар
Жергиликтүү ун чыгаруучу ишканалардын өндүрүш көлөмү жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
 Жергиликтүү ун чыгаруучу ишканалардын өндүрүш көлөмү жогорулады

Россиядан алып келине турган дан азыктарынын көлөмү жогорулатылат. Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чара. Учурда айрым жергиликтүү ун чыгаруучу ишканалардын өндүрүш көлөмү жогорулады. Буга өзгөчө абалдын шартында өлкөгө ун азыктарын аткезчилик менен алып келүү токтогону менен байланыштуу экени белгиленди.


Өзгөчө абал “Бишкекункомбинатында” өндүрүштүн жогорулашын шарттады. Муну ишкана жетекчилиги өлкөгө азык-түлүктү алып кирүүдөгү аткезчиликтин токтогону менен байланыштырат. Ар ай сайын жыйырма күн гана иштеп келген ишкана, эми тыным албайт.



Жумушчуларынын ишке кечикпей келиши үчүн ишканага отуз өткөрмө берүү чечими кабыл алынды. Буга чейин “Акун” ишканасы да дал ушундай көйгөйгө туш болуп жатканы айтылып, ага 22 уруксат кагазы берилген. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри калкты азык-түлүк менен камсыз кылган ишканаларда жумуш токтоп калбашы үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөөрүн билдирүүдө. Казакстан Кыргызстанга буудай өткөрүүнү токтотуп, продукцияны ун менен гана берүү чечимин кабыл алды. Анын ордуна дан азыгы Россиядан алып келинет.


Соңку күндөрү ун чыгаруучу ишканалар менен кайрымдуулук кылгысы келген ишкерлер соодалашууда. Гуманитардык жардам үчүн даярдалган жүк ташуучу унааларды бул жерден ар күн сайын көрүүгө болот.